Сууга агып кеткен кыздын сөөгү табылды

6-Июнь 2017, Шейшемби

Базар-Коргон районунда сууга агып кеткен 4 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууга агып кеткен кызды издөө иштерине ӨКМнын куткаруу бөлүмүнөн куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Натыйжада кыздын сөөгү кечээ 5-июнь күнү кечки саат 19:00дөр чамасында табылган.

Белгилей кетсек, 3-июнь күнү Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айылынын Орозбаев көчөсүндө жашаган А.А аттуу өспүрүм кыз Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМдин №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 12 куткаруучу, жергиликтүү тургундар жана токой чарба кызматкерлери болуп жалпы 40 адам тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!