ТИМ Катар боюнча билдирүү таратты

6-Июнь 2017, Шейшемби

Тышкы иштер министрлиги Катарга учууга камынып жаткандарга аба каттамдарын алмаштыруу кеңешин берет.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти маалымдагандай, төрт араб өлкөсү Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөндөн кийин айрым авиакомпаниялар Дохага учууну убактылуу токтотту. Аба каттамдарын токтоткон авиа компаниялардын катарында «Сауд авиалиниясы», «Этихад» жана «Эмирейтс». «Флай Дубай» Дубай — Доха — Дубай аба каттамдары бар.

Ошол себептүү Кыргызстандын Катардагы элчилиги кыргызстандыктарга аба каттамдарын алдын ала тактоону эскертет.

Эскерте кетсек, кечээ Сауд арабия, Бириккен араб эмираты, Бахрейн жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөн. Аталган өлкөлөр расмий Доханы террористтик топтор менен байланышка айыптоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!