Мэрдин сүрөтү фейсбукта топ жарды

6-Июнь 2017, Шейшемби

"Facebok" социалдык тармагында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин ай-талаада килем үстүндө туруп сүйлөп жаткан сүрөтү жарыяланып, колдонуучулар кескин сынга алышты.

Көпчүлүк бул көрүнүштү килем төшөгөн жетекчилердин мэрге жагынгысы келгени, кошоматчылык катары сыпаттоодо.

Таланттуу блоггер, учурда Японияда жашаган Аянбек Осмонов какшык иретинде “Кечирим кат” деген аталышта кат жазганы жарыяланды.

Катта “Сизде албетте, эч айып жок. Андай дегендин оозу жырылсын. А иш-чара уюштургандар микрофон кармап бергенге жарабаган эмелер экен. Көбүнесе даңгаса, көңдөй мээлерине сабакта отуруп деле эч нерсе кирбеген окуучуларды жабалактатып, жазгы көккө чыккан козудай жамырата айдап келип тизип койсо деле болмок непада. Ага да уюштуруучулардын шалаакылыгы дейлиби, деңгээли дейлиби, айтор жетишпептир бирдемелери”,-деген үзүндүлөрү бар.

"Facebok" социалдык тармагынын дагы бир колдонуучусу Жолдош Турдубаев бул жорукту төмөнкүчө салыштырган:

“Союз мезгилинде Тажикстан Компартиясынын 2-катчысы Паллаев алыскы колхоздорду кыдырганда портфелине резина өтүк салып алчу экен. Анан эгин талаасына райкомдун башчысын, депутат ж.б. ак колдорду ээрчитип барып, бут кийимин алмаштыра салып ылай кечип кеткенде, жалтырак туфличендер да аргасыздан тизесине чейин баткак болчу дешет. Кийин Паллаев келет дегенде баары керзи же резина өтүк издеп калчу экен”

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!