Атамбаев кесиптеши Хасан Роуханиге көңүл айтты

9-Июнь 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына алып келген Тегеран шаарындагы терактка байланыштуу Ирандын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчынын көңүл айтуу телеграммасында Кыргызстан тынч жашаган күнөөсү жок жарандарга багытталган бул катаал актыны чечкиндүү айыптаары айтылат.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайратка чакырган сөздөрдү, жапа чеккендердин баары тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп айтылат телеграммада.

Эскерте кетсек, 7-июнда жан кечтилер Тегеранда парламент имаратына кирип барып куралдуу кол салуу жасаган. Ушундай эле иш аракет аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинде жарыш ишке ашырылган. Кол салуудан ондогон адамдар каза тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!