Мас болгон милиционерлерге чара көрүлдү

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Мас абалында кызматтык унаа менен курулуш материалдарын ташып, мыйзам бузган милиционерлерге кандай чара көрөрү ачыкка чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Оштун ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыктарынын жетекчилерине сөгүш жарыяланып, кызматкерлердин өздөрү жумуштан алынган. Муну менен бирге ички иликтөөнүн натыйжасында кызматтык унаа менен курулуш материалдарын ташыганы ачыкка чыккан ИИМ өкүлүнө да сөгүш берилди. Буга чейин көчөдө заара ушатты делген милиционер кызматынан алынган.

Белгилей кетсек, ИИМ менен Кайгуул милициясынын өздүк коопсуздук кызматтарынын рейди учурунда Бишкек менен Ош шаарларында мас абалында унаа айдаган милиционерлер аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!