Көңүл ачуучу жайда жаш жигитке ок атылды

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкектеги Chicago pub & karaoke көңүл ачуучу борбордо 28 жаштагы жигитке ок атылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июлга караган түнү болгон. Жерине ыкчам иликтөө тобу барганда эркек кишинин төшүнө тийген октон улам каза болгондугу аныкталган.

«Каза болгон Ж.А. 1989-жылкы шаар тургуну. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерден алыс эмес арыктан травматикалык револьвер табылган. Кылмышка шектелип 1990-жылкы Э.И. аттуу шаар тургуну кармалган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду, бир катар экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталган», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!