“Ашир-Мухамед” мечитинде өрт чыкты

18-Июль 2017, Шейшемби

Мечиттен өрт чыгып, имараттын шыбы менен устундары күйүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы (Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2, Чүй облусунда 7) катталып, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм жөнөтүлгөн.

“Лейлек районунун Исфана шаарындагы Раззаков көчөсүндө жайгашкан “Ашир-Мухамед” мечитинде өрт чыккан. Анын натыйжасында имараттын шыбы, устундар күйүп калган. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Өрт кырсыгынан адамдар жабыркаган жок. Ошондой эле Кемин районунун Дорожный айылында темир жолдун четинен өрт чыккан. Натыйжада 20 гектар жердеги чөп өрттөнгөн. Өрттүн себеби учурда иликтенип жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Фото: интернеттен алынды, окуяга тиешеси жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!