"СТВ" каналына жаңы жетекчи дайындалды

18-Июль 2017, Шейшемби

Чүй облустук “СТВ” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп Тайтекеев Калыбек Рысбекович дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирет.

Кызматка дайындоо жөнүндөгү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков 2017-жылдын 17-июлунда кол койду. Жаңы жетекчини эмгек жамаатка Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментини директорунун орун басары Салкын Сарногоева тааныштырды.

Директордун орун басары жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштырып жатып, мындан аркы иштерине ийгилик каалоо менен, өлкө өтө маанилүү кадамды жасап, санариптик телерадиоберүүгө өткөндүгүнө байланыштуу, алдыдагы жоопкерчиликтүү кызматты алдын-ала көрө билгич жетекчи иш алып бараарына ишене тургандыгын билдирди.

Тайтекеев Калыбек Рысбекович 1967 - жылы туулган. Билими жогорку. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, “журналист” адистигине ээ болгон. Эмгек жолун жөнөкөй куруучудан баштаган. 1993-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясында редактор, ага редактор, башкы редактордун орун басары, башкы редактор кызматтарын аркалаган. 2009-2016 –жылдары Ысык- Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп эмгектенип, аталган телерадиокомпаниянын материалдык- техникалык базасын чындоодон баштап, чыгармачылык, өндүрүштүк иш аракеттерин алга жылдырган.

Үй- бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!