Маркумдун өздүгүн тактоого жардам керек

18-Июль 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен 50-55 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сөөк өткөн айдын 8-июнунда табылган. Азыркы тапта Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери аталган эркек кишинин өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орто денелүү, ак чач, кашы түз жана өңү сары, сүйрү бет, сакалы бар.

Кийген кийимдери: көк түстөгү көйнөк, боз шым, бутунда бут кийими жок.

Белгилей кетсек, бул адам жөнүндө билгендер Биринчи Май РИИБге же (0312) 568260; (0551) 102538; (0551) 102162; (0552) 102271 номурларына чалуулары керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!