ВИЧ менен ооругандардын саны 7038ге жетти

19-Июль 2017, Шаршемби

Кыргызстанды ВИЧ-инфекциясынын жаңы учуру жайылууда. Алардын саны 10 пайызды түзөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата ВИЧ менен 7427 учур катталса, анын 7038и Кыргызстандын жарандары түзөт.

"Балдар 595, СПИД менен ооругандар-902. Ал эми ВИЧ-инфекциясынын калк арасында таралышы (баңгизат колдонуучулар, абактагылар аркылуу) 5 пайызды түзөт. Жыныстык жол менен оору жугузгандар 31 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч 2011-жылдын 2016-жылга чейин 51 пайызга жогорулаган",-деп айтылат маалыматта.

Аталган илдет менен аялдар арасында жана эмгек куракка жөндөмдүү 20-49 жаштагылар арасында көп катталууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!