Жаш жигит жардырууну уюштурууну пландаган

21-Июль 2017, Жума

Милиция кызматкерлери Сирия-ирактык аймакта согуштук чыр-чатакка катышып келген жарандын өздүгүн такташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1995-жылы туулган Ош шаарынын М.А. аттуу тургуну Сирия аймагында Ислам мамлекети аталышындагы легеринде согуштук ыкмаларга үйрөнүп, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнө ыктыярдуу түрдө кирген.

Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү маалында көп сандаган мыйзамсыз сакталган экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылган. Экстремисттик топтор менен байланышы бардыгына жана террористтик ишмердүүлүк менен алектенгени боюнча террористтердин шектүү менен сүйлөшүү учурундагы аудиокөчүрмөлөр жана бир канча документтер менен кошо далил катарында сүрөттөр, аудиокөчүрмөлөр, видеокөчүрмөлөр, дикстер, китептер, өзбек, араб тилдериндеги баракчалар табылган. Андан сырткары, кармалган адамдын үйүнөн мыйзамсыз сакталган РГД-5 үлгүсүндөгү жарылуучу заттан 2 бирдик табылып алынган.

Ош ШИИББдин маалыматында, кармалган жаран Сирия-ирактын аймакта согуштук чыр-чатакка катышып, экстремисттик материалдарды таратып, террористтик мүнөздөгү идеялогияны жайылтуу менен алектенген. Кыргызстандын түштүк аймагында жардырууну пландап жүргөн.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сатып алуу, сактоо, таркатуу же болбосо аларды даярдоо жана жайылтуу максатында экстремисттик материалдарды ошондой эле белгилерин жана экстремисттик уюмдардын атрибуттарын атайын колдонуу” беренелерине ылайык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлгөн.

“Кармалган адам Ош шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда ИИМдин 10-башкы башкармалыгы экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү ишмердүүлүгүн ачыктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чарасын улантууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!