Кылмыштуу топтун уюштуруучусу кармалды (видео)

26-Июль 2017, Шаршемби

Бишкек шаарында жайгашкан “Цзи Сянь” кытай ресторанын карактоону жана “Альфа-Секьюрити” ишканасынан курал уурдоону уюштурган адам кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык издөө жарыяланган Жылдызбек Бекмурзаев 21-июль күнү Казакстандын Костанай облусунда саат 01:30дар чамасында атайын топ тарабынан кармалган. Кылмышка шектүү учурда Казакстандын Костанай облусунда убактылуу кармоочу жайында кармалып, Кыргызстанга экстрадициялоо иштери жүрүп жатканы айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!