Оштогу тойканада өрт чыкты

4-Авг. 2017, Жума

Ош шаарындагы тойканада өрт чыгып, эки турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 23:45тер чамасында аталган шаардын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан тойканада өрт чыгып, өрттүн кесепетинен бул жайдын салону жана 2 турак үй толугу менен күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымы такталууда. Өрттү өчүрүүгө 5 куткаруучулар бөлүмү тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!