60 мектепте электрондук китепкана ачылат

4-Авг. 2017, Жума

Жаңы окуу жылынан тарта Кыргызстандын ар кайсыл аймагындагы 60 мектепте электрондук китепкана ачылмакчы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын «Билим берүү системасындагы реформаны өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ар бир китепканага 20 компьютер, 4 ноутбук, 4 проектор, сервер, түйүндүк жабдуулар, компьютердик стол жана стул берилмекчи.

«Электрондук китепканага министрлик окуу материалдарын орнотуп бермекчи. Бүгүнкү күндө 369 окуу китептери, 556 диссертация жана 794 санариптик китептерди колдонуу жеткиликтүү»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!