Жерден суу чыгып, жүз үйдү каптады

4-Авг. 2017, Жума

Кочкор районунда жер алдынан чыккан суулар көтөрүлүп, 80-90 турак үйдүн жер төлөөлөрүн каптады. Бул тууралуу бүгүн, 4-августа Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-август күнү аталган райондун Теңдик айылындагы Арабаев, Чоң-Булак, Алиев, Ала-Тоо, Жусупбеков, Көмүрчиев, Орозбак, Дайырбеков көчөлөрүндө жер алдынан чыккан суулар көтөрүлүп, 80-90 турак үйдүн жер төлөөлөрүн жана короолорун каптаган.

Ушул эле күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнын Кочкор райондук бөлүмүнүн адистери жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!