Аз камсыз болгондорго көмүр берилүүдө

4-Авг. 2017, Жума

Бишкек шаарынын муниципалдык администрациясы Ленин району боюнча аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөлөргө жыл сайын акысыз берилүүчү көмүрдү жетирип жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

2017-2018-жылуулук сезонуна карата Ленин районундагы 1478 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2218,1 тонна көмүр менен камсыздалды.

Мындан тышкары муниципалитет майыптарга жана пенсионерлери бар 70 үй-бүлөнү отун менен камсыздамакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!