"Китеп менен эс ал" акциясы башталды

8-Авг. 2017, Шейшемби

Ордо калаанын Кара жыгач сейил багында 7-18-августта саат 14:00дөн 16:00гө чейин “Китеп менен эс ал” акциясынын ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Борбордук китепкана менен биргеликте уюштурулууда. Акциянын алкагында оюндар, мастер-класстар, кызыктуу таймаштар жана китеп көргөзмөсүн уюштурулуп жатат.

Бардык катышуучуларга эстелик үчүн белектер берилүүдө.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!