Кыргызстандыктар 1-сентябрда дем алышат

18-Авг. 2017, Жума

Айды карап белгиленген “Курман айт” майрамы туш келген 1-сентябрь дем алыш күнү деп жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 18-августта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда министрликтин мындай чечими Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан 2017-жылдын 16-августунда келген катка ылайык чыгарылган.

Анда Курман айт күнү такталганы жазылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!