Төрт кишини сүзүп өлтүргөн факты иликтенүүдө

23-Авг. 2017, Шаршемби

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 4 адамдын өмүрүн алган жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы боюнча соттук-медициналык, трасологиялык жана автотехникалык экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Текшерүү маалында айдоочу мас абалында унаасын башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренси боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон. Кырсыкка кабылган унаанын ээси 1955-жылы туулган Сокулук районунун жашоочусу экендиги такталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткизилип, иликтөө иштери уланууда

Эскерте кетсек, кечээ 22-август күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын жанынан “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу унаасын башкара албай топ адамдарды сүзүп кеткен. Жол-транспорттук кырсыктын айынан 64, 65, 68 жаштагы үч улгайган аял жана 12 жаштагы бала каза болгон. Кырсык болгон жакка Чүй ОИББнын патрулдук милиция кызматкерлери менен Сокулук РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келишкен. Маалымат боюнча, айдоочу унааны башкара албай, карама-каршы жакка өтүп, жарманкеден келе жатышкан топту сүзүп кеткен..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!