Жыргалаңда J-FEST жайкы фестивалы өтөт

23-Авг. 2017, Шаршемби

27-август күнү "Жыргалаң өрөөнү дестинациясы" коомдук бирикмеси Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында жайкы туризм фестивалын өткөрөт.

Бул тууралуу ЮСАИД уюмунун бизнести өнүктүрүү демилгеси программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Улукбек Аданбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны уюштуруунун максаты – аталган аймактын туризмдик потенциалын таанытуу.

Фестивалдын жүрүшүндө жаңы туризм өнүмдөрүнүн бет ачары өтөт. Тоого жөө чыгуу, велосипед тебүү, ат үстүндөгү турлар уюштурулат. Мындан тышкары туристтерге кызмат көрсөткөн конок үйлөрү жана боз үй конуштарынын да бет ачары болот. Көңүл ачуу программасы ачык асман алдындагы фольклордук концерт жана этно мода көргөзмөсү менен коштолот. Фестивалга келген коноктор кол өнөрчүлөрдүн мастер класстарына жана Зындан жана Жыргалаң айылдарынан чыккан көк бөрү командаларынын ортосундагы оюнга күбө боло алышат.

Жыргалаң дестинациясынын миссиясы болуп айылда туризмди, туризм өнүмдөрүн жана кызматтарын өнүктүрүү, туристтердин санын көбөйтүү болуп саналат.

Фестивалга Жыргалаңдын гиддери, жергиликтүү туркомпаниялардын кызматкерлери, айыл эли, ММК өкүлдөрү, саякатчы блогерлер, Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары жана Жыргалаң айылынын конок үйлөрүнүн ээлери, жеке ишкерлер катышмакчы.

Иш-чара “Жыргалаң өрөөнү дестинациясы” коомдук бирикмеси USAID бизнести өнүктүрүү демилгеси (BGI) программасынын колдоосу менен ишке ашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!