Кумтөр боюнча келишим 8 жылдан кийин токтойт

26-Авг. 2017, Ишемби

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында жаңы өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Кумтөр” алтын кени келишимге ылайык 8 жыл иштеп, андан ары токтой турганын билдирди.

Исаков сүйлөшүүлөр болгону менен максатка жете электигин, экологиялык маселерди чечүү керек экенин белгиледи.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кумтөр алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү 32 пайыздан 26 пайызга түшүп кеткендигини себебин иликтөө зарылдыгына токтолду. Аны менен бирге сентябрда алтын кендеги үлүш боюнча депутаттык комиссия тузүп, иликтөөнү анын фракциясы талап кыларын билдирди.

Аталган алтын кенде 21 жылдан бери алтын казылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!