15 гектар жердеги чычырканак өрттөндү

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Ысык-Ата районунда тоодо өрт чыгып, натыйжасында 15 га чычырканак жана бадал өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл аймагында 27-август күнү саат 14:00 чамасында лыжа базасынын күн чыгыш тарабында тоодо болжол менен 15 га чычырканак, бадал жана куураган чөп күйгөн. Өрт саат 19:10до чектөөгө алынып, саат 20:35де толугу менен өчүрүлгөн.

“Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Ал эми өрттү өчүрүүгө жалпысынан 235 адам, 7 өрт өчүрүүчү унаа тартылган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!