Үрөй учурган 10 кырсык

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Акыркы учурларда Кыргызстанда жол кырсыгынан көптөгөн адамдар жабыр тартышууда. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын жаз жана жай мезгилинде Кыргызстандын аймагында катталган 10 үрөй учурган авто кырсыктарды “Zaman.kg” сайты тизмектеп көрдү.

27-мартта Баткен облусунун Кадамжай шаарына бурула беришинде аскерлер бараткан автоунаа жол кырсыгына кабылган. Анда унаанын тормозу кармабай жол четиндеги жаңы курулуп жаткан турак үйдү сүзүп алган. Анын кесепетинен 29 адам жабыркаган. Бул жаңы курулуп жаткан үйдө адамдар жашачу эмес. Ал эми аскер кызматкерлери Оштон Баткен облусуна машыгуу үчүн баратышкан. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул турак үйдү күйүүчү май ташыган автоунаа дагы сүзүп алган.


31-март күнү Бишкек - Ош унаа жолунун 574-чакырымында, Сузак районунун аймагында май ташуучу унаа менен “Honda Fit” кагылышкан. Кырсык кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам күйүп кеткен.


13-апрелде саат 18.20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында Чүй облусунун Кемин районунда «Хонда Одиссей», «Мерседес Бенц», «Тойота Хайлендер» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.



11-июнь күнү кечки саат жетилер чамасында Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосундагы темир жол өтмөгүндө поезд менен жүк ташыган кичи автобус сүзүшкөн. Кырсыкка кабылган «Мерседес-бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Бишкекке келе жаткан. Унаанын айдоочусу поезддин келип калганын байкабай калган. Бирок, кырсыктан улам каза болгондор жок.


20-июль күнү саат 06-30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 468-чакырымында Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында жол кырсыгы катталган. Автоунаа кырсыгынын кесепетинен “Хонда Одиссей”, оор жүк ташуучу «МАН» үлгүсүндөгү автоунаа жана « Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышып, 8 адам каза болгон.

8-августка караган түнү Ноокен районунун Достук айылынын Ош-Бишкек унаа жолунун 487-чакырымында «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, 7 орундуу унаадан 3 адам каза тапкан. Жеңил унаадагы жүргүнчүлөр Лейлек районунун тургундары болгон. Каза болгон 3 адамдын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасындагы өлүк сактоочу жайга, ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.


10-август күнү саат 08:30 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында «ДАВ » үлгүсүндөгү май ташуучу автоунаанын айдоочусу Л.А.Б рулду башкара албай калып, унаа оң капталына кулаган. Натыйжада болжол менен 5-6 тонна солярка төгүлгөн.

17-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 365-чакырымында Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун 39 жаштагы Б.К аттуу тургуну башкарып бара жаткан «Toyota Wish» үлгүсүндөгү унаа жолдон учуп кеткен. Айдоочудан сырткары унаанын ичинде бара жаткан айдоочунун 17 жаштагы иниси менен 36 жаштагы жубайы жеңил жаракат алышкан.



18-августта таңкы саат 07:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Манас жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде беш унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, ар кандай жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматы алып кеткен. Ал эми эки адамдын өлүмүнө себепкер болгон «Toyota Windom» унаасынын 28 жаштагы айдоочу милиция кызматкери кызуу абалда унааны башкарып бара жатып, ал кызыл күйгөндө токтогон «Mazda» унаасын сүзүп алган. Соккудан соң «Mazda» алдыда токтоп турган унаалар менен кагылышкан.


22-август күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын жанынан « Мерседес » үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу унаасын башкара албай топ адамдарды сүзүп кеткен. Жол-транспорттук кырсыктын айынан 64, 65, 68 жаштагы үч улгайган аял жана 12 жаштагы бала каза болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!