Лейлек килемдеринин жарманкеси өтөт

29-Авг. 2017, Шейшемби

31-август – эгемендүүлүк майрамында борбор калаанын Панфилов эс алуу багында Лейлек килемдеринин көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Иш-чара «Айылдык демилге» бирлиги тарабынан демилгеленип, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демократиялык комиссиясынын колдоосу менен ишке ашууда.

Көргөзмө-жарманкеде жергиликтүү уз-чеберлердин колунан жаралган уникалдуу килем, таар, кийизден жасалган ар кандай сувенирлер коюлуп, кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктары даңазаланат.

Лейлек килеми - жергиликтүү элдин кол өнөрчүлүгүндө өзгөчө орунду ээлеп, Лейлектин сыймыгы катары эсептелет. Килем Лейлек районунда токулгандыктан, ошол аймактын атынан аталып калган. Лейлек килеми араби жана жүл деп экиге бөлүнөт
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!