Майрам күндөрү көчөлөргө чектөө киргизилет

29-Авг. 2017, Шейшемби

31-август Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Курман айт майрамына карата милиция кызматкерлери Бишкекте 29-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына таянып мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Чүй проспекти Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрү жана Эркиндик бульвары Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин жабылат.

Майрамдык салтанатка даярдык иштери жүрүп жатканына байланыштуу Ала-Тоо аянты 28-30-августка чейин саат 18:00дөн 20:00гө чейин жабык болот.

“Шектүү, ээси жок буюм тапкан учурда (көчөдөн, унаадан, коомдук жайлардан) аларды кармоого, ачып көрүүгө же ордунан жылдырууга кескин тыюу салынат. Тезинен 102 номери аркылуу милицияга маалымдоо керек”, - деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!