Соодагерлерге эскертүү берилди

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 12:42

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 101-120 чакырымындагы унаа өтүүчү жолдордун жээгинде мыйзамсыз курулуштарга Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан эскертүүлөрдү берди.

Маалым болгондой, аталган унаа жолго Кызыл-Октябрь айылынын тургундары мыйзамсыз өз билемдик менен курулуштарды жүргүзүп, соода сатык жайларын орнотуп алышкан. Мыйзам боюнча республикалык мааниге ээ болгон жолдордо ар кандай соода-сатык жана курулуш материалдарын башаламан жайгаштырып сатууга тыюу салынган.

Буга чейин бир нече ирээт эскертүү берилгени менен ишкерлер жол жээгиндеги женил курулуштарды алган эмес. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Токмок жана Кемин шаарлары боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, соода сатык жайларынын ээлерине бир айлык мөөнөт берилди. Бир айдын ичинде жол жээгиндеги башаламан жайгашкан тез тамактануучу жайларды алып, ирээтке келтириши зарыл.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбековдун берген тапшырмасынын негизинде, унаа өтүүчү жолдордун жээктериндеги мыйзамсыз соода сатык жайларын жана ар кандай курулуш материалдарын ирээтке келтирүү тапшырмасы коюлган. Себеби мындай башаламандыктын айынан, унаа өтүүчү жолдор тарып, айрым учурда унаалардын өтүшүнө тоскоол болуп, ар кандай кырсыктын чыгып кетишине дагы себепкер болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!