Султан Раев Москвада алтын медаль менен сыйланды

13-Сен. 2017, Шаршемби, 12:25

Москвада Евразия эл аралык сыйлыгынын лауреаттарына сыйлык тапшыруу салтанаты өтүп, белгилүү жазуучу Султан Раев "Жанжаза" ("Кара") романы үчүн Евразия эл аралык сыйлыгынын алтын медалы жана лауреаттык наамы менен сыйланды.

Евразия сыйлыгы илим, искусство, адабият номинациясында берилип келет. Эл аралык калыстар сыйлыкты Россия, Англия, Индия, Непал, Казакстан, Украина, Грузия, Азербайжан, Кыргызстандын эң мыкты илимпоздоруна, искусство чеберлерине, жазуучу, акындарына ыйгарган.

Белгилей кетсек, Султан Раев 2015 - жылы Лондондон чыккан "Жанжаза" романы үчүн "Адабий чеберчиликтеги өзгөчө жетишкендиги" номинациясында лауреаттык алтын медаль менен сыйланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!