Швейцариядан келген адистер бейтаптарга кеңеш беришет

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:18

Бүгүн, 25-сентябрдан баштап бир апта бою Швейцариядан келген онколог дарыгерлер Ош шаарындагы көкүрөк рагы менен жабыркаган айымдарга кеңеш беришет.

“Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова “ZAMAN.KG”ге билдиргендей, жалпы беш дарыгер келген. Алар көкүрөк рагы менен жабыркаган аялдарга кеңеш берүү менен биргеликте жергиликтүү дарыгерлер менен да тажрыйба алмашат.

“Адистер менен биргеликте атайын журналисттер тобу да келген. Алар бейтаптар менен жолугушуу, дарыгерлер менен тажрыйба алмашуу процесстерин тартып, бул жаатта Кыргызстанга кандай жардам берсе болоорун аныкташат”,-деди Сабырбекова.

Белгилей кетсек, швейцариялык дарыгерлер быйыл үчүнчү ирет келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!