"Жүрөктөн жүрөккө" акциясы болду

29-Сен. 2017, Жума, 16:09

Бүгүн, 29-сентябрда 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Курманжан Датканын эстелигинин алдында “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарманкеде Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан чогулган карыялар өздөрүнүн кийизден, териден жана башка нерселерден жасалган улуттук сувенирлерин, буюм-тайымдары жана кол эмгектерин айыл чарба продукцияларын да сатыкка коюшту.

Акцияда ошондой эле шахмат, 100 метрге чуркоо, лотерея, гимнастика жана бий сынак-жарыштары болду.

Мындан тышкары улгайган адамдарга биринчи жардамды көрсөтүү боюнча дарыгерлер мастер-класстарды өткөрүштү. Соңунда белгилүү ырчылардын концерти менен коштолду.

Белгилей кетсек, “Жүрөктөн жүрөккө” акциясы жыл сайын өткөрүлүп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!