№227 маршуртканын айдоочусу героин колдонгон

15-Окт. 2017, Жекшемби, 13:47

Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган кичи автобустун айдоочусу героин колдонгондугу такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Бишкек шаарынын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде №227 маршруттук каттамдын «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен «Тойота Ленд Крузер» кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 жүргүнчү жаракат алып, жабырлануучулар шаардык ооруканага жеткирилген.

«Жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусу дагы ооруканага жеткирилди. Ал жактагы сурак учурунда патрулчулар айдоочунун колдору титиреп, өзүн башкача сезип жаткандыгын байкашкан. Дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында айдоочунун героин колдонгондугу аныкталды», - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кичи автобустун 43 жаштагы М.Халмурат аттуу айдоочусу Бишкек ШИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, анын унаасы айып аянтына токтотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР