МКК 3 миллионунчу шайлоочуну сыйлады

15-Окт. 2017, Жекшемби, 13:49

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстанда инновациялык технологияларды колдонуу менен сегизинчи ирет шайлоо өнөктүгү өтүп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Дамира Азимбаева «ZAMAN.KG» маалымат агенттигине билдиргендей, шайлоочулардын саны 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 2 млн. 761 миң 297 жаранды түзгөн.

Бул көрсөткүч өткөн жылдагы референдум жана жергиилктүү кеңештерге болгон шайлоодо 2 миллион 851 952 шайлоочуга чейин көбөйгөн. Бүгүн өтүп жаткан президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллион 25 миң 768 кишиге жетти.

Буга байланыштуу 3 миллионунчу шайлоочу катары Баткен облусунун Кадамжай районуну тургуну Орозгүл Курамова аныкталды.

Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү бийлик 3 миллионунчу шайлоочуну куттуктап, эстелик сувенирин тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР