БШК:11 кайрылуу келип түштү

15-Окт. 2017, Жекшемби, 13:58

Бүгүн, 15 октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна саат 10го карата 11 кайрылуу келип түштү.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Кайрылуулардын ичинде:

- коомдук кабыл алуу аркылуу - 2;

- вотсап каналы аркылуу - 4;

- укук коргоо органдарынан 5 кайрылуу келген.

Бардык кайрылуулар техникалык мүнөздө болду. Шайлоо мыйзамын бузган делген арыз (даттануулар) саат 10:00 карата түшкөн жок.

Республика боюнча коомдук-саясий абал бир калыпта туруктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР