Жүргүнчүнү өлтүрүп кеткен айдоочу изделүүдө

15-Окт. 2017, Жекшемби, 14:08

Ош-Эркеч-Там жолунда 39 жаштагы эркек кишини унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 15-октябрда саат 8:00 чамасында Ош-Эркеч-Там унаа жолунун 17-чакырымындагы "Кайнар" май куючу бекетинин жанында болгон. Анда белгисиз унаанын айдоочусу 39 жаштагы Баш-Булак айылынын жашоочусун сүзүп, жабырлануучуга жардам бербестен качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

«Кырсык болгон жерде белгисиз унаанын арткы тарапты көрүүчү күзгүсү түшүп калган. Учурда айдоочуну аныктоо боюнча издөө жарыяланды», - дейт Бечелов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР