Жүгөрү сакталган сарай өрттөндү

26-Окт. 2017, Бейшемби, 14:02

Чаткал районунда белгисиз себептерден сарайлардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда саат 16:50 чамасында аталган райондун Сумсар айылынын Набережная көчөсүнүн 19-дарегинде жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган сарайдан өрт чыккан. Анын кесепетинен сарайдын 50 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп, 50 боо жүгөрү бакалы күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!