Унаа сүзүп кеткен эки адам каза тапты

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:58

Сокулук районунда түнү болгон жол кырсыктан эки адам көз жумду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-ноябрда Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрдан 15-ноябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен батышты көздөй бараткан айдоочу жолго чыга калган эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы жана 30 жаштагы эки жигит көз жумду.

Ал эми кырсыкка кабылган 23 жаштагы айдоочу Сокулук РИИБге жеткирилип, унаасы айып жайга токтотулган. Учурда жол кырсыктын себептери такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!