Чүйдө милиция өзүнө бычак урду

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:57

Кара-Балтада 27 жаштагы Жайыл РИИБнин патрулдук милиция кызматкери ашкана бычагы менен өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-декабрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Ковровщиков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 1990-жылы туулган Э.Н. аттуу Чүй облусунун Жайыл РИИБнин патрулдук милиция кызматкери (ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштейт, үй-бүлөлүү, эки баласы бар) ашкана бычагы менен өз өмүрүнө кол салган.

Бул маалымат милиция кызматкеринин жубайы тарабынан тастыкталды. Окуя болгон жерден өз өмүрүнө кол салган ашкана бычагы, кийими жана башка буюмдар далил зат катары алынган.

Жубайынын айтканы боюнча ал мурда дагы өз өмүрүнө кол салганга аракет кылган. Соттук-биологиялык, медициналык экспертизалар дайындалды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө ишин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн 4-декабра жалпыга маалымдоо каражаттарында Жайыл РИИБнин патрулдук милиция кызматкерине белгисиз адам бир нече жолу бычак менен кол салгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!