Капчыгайдагы карагайларды кыюу фактысы иликтенет

5-Дек. 2017, Шейшемби, 13:37

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайындагы кыйылган карагайлар боюнча текшерүү жүргүзүүнү тиешелүү мекеме жетекчисине тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Күн мурун социалдык тармакта Тянь-Шань карагайлары кыйылып жатканы тууралуу маалымат сүрөтү менен жарыяланган.

Премьер-министрдин табыштамасына ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекетик агенттиги жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзөт.

Укук коргоо органдары карагайларды кыйгандар таап, жоопкерчиликке тартышат.

Жууку капчыгайына биосфералык аймак макамы берилген өзгөчө коргоодогу аймак.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!