Максат: "Инновациялык меш тапты катуу чыгарат"

14-Дек. 2017, Бейшемби, 12:22

Токмок шаарындагы көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жайгашкан барак тибиндеги үйлөрдүн бирине алгачкы ирет, бийиктиги 5 метр 10 см болгон инновациялык түрдөгү меш салынды. Бул тууралуу мешти салган уста Максат Абакиров Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мешти салууга жалпысынан 1000 (миң) кирпич кетет.

"Мешти салуу үчүн атайылап ысык тапка кармап бышырылган (тешиктери жок, тулкусу туюк болгон кирпичтер) кирпичтер Кең-Булуңда чыккан кирпич заводдон алынган. Үйдүн биринчи жана экинчи кабаты печканын кирпичтери ысыгандын эсебинен жылыйт. Кирпичтер ысыкты катуу кармайт дагы тегерегине жылуулукту дагы ошончолук көбүрөөк берип турат. Миң кирпич бир ысып алгандан кийин оңой эмес, бир топ эле энергияны бөлүп чыгарат. Мештин ичиндеги оту өчүп, табы акырындап кайтып, муздап бүткөнчөктү эле бөлмөлөргө бир кыйла жылуулук берет. Анын үстүнө муздак желди киргизбей, жылуулукту көпкө кармай турган энергоэффективдүү пластик терезе, эшиктер менен жабдылгандыктан мансарданын ичи жылуулукту көпкө чейин жакшы кармайт",-деди уста.

Абакиров белгилегендей, негизи мештин туурасынан кеткен каптал энин 32-35 см кылып, ал эми узатасынан кеткен капталын үй салган адамдын каалоосуна жараша 120дан 230 сантиметрге чейин чоюп салса болот экен. Мурда айылдыктар үй салганда меш үйдүн ичин гана жылытып, потолоктон өйдө чатыр жак бөлүгүнө мор гана кетчү. Биринчи ирет салынып жаткан бул тажрыйбада бийиктиги 5 метрден ашык меш, үйдүн биринчи кабатын гана жылытпастан, үстү жак бөлүгү болгон мансарданы да жылытат. Мештин эффективдүүлүгүн айта кетсек ал Т формасында жайгашкан 3 бөлмөнү жылытканга ылайыкташып жасалды.


Абакиров бир гана мешти салуу менен чектелбестен, ошол айылдын биргелешип иштөөгө кызыккан, курулушка шыгы болгон жаштарды да ишке тартып, энергияны бир топ үнөмдөгөн мештерди курууну үйрөтүүдө. Жаштар ал жерде устачылыкты гана үйрөнбөстөн иштегени үчүн акча алып, кийин өз алдынча бригада түзүп иштеп кетишине шарт түзүлөт.


Аталган долбоор швейцариялык Хельветас Свисс Интеркооперейшн эл аралык уюму аркылуу каржыланып, “АВЕП” коомдук фонду аркылуу ишке ашырылган.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!