Жөлөк пулдар тууралуу мыйзам кабыл алынды

22-Дек. 2017, Жума, 07:16

Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Буга чейин өкмөт аталган мыйзамдын күчүнө киришин үч айга артка жылдырууну сунуштап, расмий документти парламенттин кароосуна кайра жиберген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын айтымында, эгерде мыйзам жаңы жылдын биринчи күнүнөн тарта күчүнө кирсе, өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 30 миңге жакын бала жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгат.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоору боюнча олуттуу сын-пикирлерди айтып, бул демилгени президенттик шайлоо алдындагы “оюн” дешти.

Белгилей кетсек, жөлөк пулдар тууралуу мыйзамдын демилгечиси депутаттар Аида Касымалиева жана Карамат Орозова.

Мыйзам боюнча жөлөк пулдун үч түрү каралган. Алар: “балага сүйүнчү”, “балага жөлөк” жана “үй-бүлөгө көмөк”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!