Жээнбеков: “Үчилтик жол Кыргызстан үчүн маанилүү”

22-Дек. 2017, Жума, 07:41

Президент Сооронбай Жээнбеков Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калиловду кабыл алып, жол куруу боюнча аткарыла турган иштерди талкуулады.

Министр мамлекет башчысына коңшу мамлекеттер менен унаа, темир жолдору жана аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы транспорт логистикасын жандандыруу, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору сыяктуу жаңы байланыш жолдорун ачуу боюнча макулдашууларга жетишкендигин эскертти.

Ошондой эле өлкө жетекчиси алдыда Калиловго Ташкентте өтүүчү жолугушууларга эксперттик топту тыкыр даярдоо тапшырмасын берди. Президенттин пикиринде, темир жол долбоору тышкы рынокторго чыгыш үчүн Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Ал темир жол салууну тездетүү Борбордук Азиянын пайдалуу жана натыйжалуу транзиттик коридор катары ыңгайлуу кылууга көмөктөшөөрүн белгиледи.

Министр Жамшитбек Калилов “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча 2017-жылдын 25-декабрында Ташкентке үч тараптуу жолугушууларга адистер тобу жөнөй турганын билдирди, Ал эми 27-декабрда министрлердин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуулар өтөөрүн жана анда темир жол салуу боюнча бардык маселелер талкууланарын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!