Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

27-Дек. 2017, Шаршемби, 11:29

Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтүп бараткан өспүрүм баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 26-декабрда саат 13:00 чамасында Бишкек шаарынын Көлбаев менен Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерге ЖКККБнын кызматкерлери барганда, күбөлөр баланы сүзүп алган “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага алып кеткенин айтышкан. Бирок териштирүү учурунда жергиликтүү ооруканаларга эч ким кайрылбаганы аныкталган. Мындан улам ЖКККБнын кызматкерлери айдоочу жана жабыркаган өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо үчүн издөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында унааны башкарып жүргөн 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

Ал эми айдоочунун айтымында, ал өспүрүмдү сүзүп алгандан кийин баланы ооруканага алып жөнөгөн. Жолдо баланын жакындарын жолуктуруп шаардык ооруканага бирге барышкан. Дарыгерлер баланын абалын текшерип, анын жеңил жаракат алганын билдиришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!