Текебаевдин баш коргоо чарасы каралат

9-Март 2017, Бейшемби

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгы билдирди.

Текебаевди эки ай камакка алуу чечимин 27-февралда Биринчи Май райондук соту чыгарган. Анын жактоочулары райондук соттун үстүнөн арызданып, Текебаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган.

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен алынган материалдардын негизинде депутатка «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул ишти УКМК териштирип жатат. Текебаевдин тарапташтары ага козголгон ишти саясий куугунтук катары баалап мөөнөтсүз митинг өткөрүп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!