Ысык-Атада 5 жаштагы кыз изделүүдө

9-Март 2017, Бейшемби

Ысык-Ата районунда 5 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 7-март күнү саат 07:00 чамасында Ивановка айылында 2012-жылы туулган кичинекей кыз дайынсыз жоголгон.

«ӨКМнын №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кызды издөөгө чыгышкан, бирок табылган эмес»,- деп маалымдайт министрлик.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!