Евробиримдик жемкордукка каршы каражат берет

9-Март 2017, Бейшемби

Евробиримдик Кыргызстандагы коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча долбоорду ишке ашырууга 555,5 миң евро бөлөт. Бул тууралуу ЕБдин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Долбоорду ишке ашыруу расмий түрдө Европа Кеңешинин жана өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бүгүн, 9-мартта Бишкекте башталат.

Маалыматка караганда, долбоордун узактыгы 24 айды түзөт. Ал Европа биримдиги тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

Долбоор мамлекеттик органдардын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуусу жана жүзөгө ашыруусу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган. Анын алкагында тиешелүү органдарга укуктук көмөк көрсөтүү, коррупция фактыларын далилдөө механизмдери менен иштөө, ошондой эле кабар берүүчүлөрдү коргоого жардамдашуу боюнча тренингдерди өткөрүү каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!