​“Ак илбирске” билдирмелерди кабыл алуу аяктады

9-Март 2017, Бейшемби

«Ак илбирс-2017" улуттук кино сыйлыгына катышууга быйылкы жылы 31 билдирме келсе, анын ичинен 14 толук, 10 кыска метраждуу жана 7 даректүү тасмалар түзөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билдирмелерди кабыл алуу 6-мартка чейин уланган, 14-апрелде “Манас” кинотеатрында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

“Ак Илбирс” кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон, бул тармакка ийгилик жараткан мыкты кинематографисттерге 16 номинация боюнча сыйлык тапшырылып келет.

Кино сыйлык КР кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондунун, КРнын Кинематография департаментинин жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Фото: КУБАНЫЧБЕК ЖУСУПБЕКОВ

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!