Кудуктан адамдын сөөгү табылды

9-Март 2017, Бейшемби

Кечээ, 8-мартта Бишкектеги кудуктардын биринен белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи Май районунун Нарв көчөсүнүн №74 үйдүн жанындагы кудуктан эркек адамдын сөөгүн ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!