Бакиров: өкмөт ишине коалиция жооп бериши керек

9-Март 2017, Бейшемби

Көпчүлүктү түзгөн коалиция начар иштеген өкмөт үчүн жоопкерчиликти алышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы парламент жыйынында “Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

Эл өкүлү парламент тарап-таркабасын убакыт көрсөтөрүн, бул боюнча анык процедура бар экенин, аталган фракциясы айтууга тийиш экенин белгиледи.

“Коалиция өкмөттүн иши үчүн жооп берет. Жумушсуздук 2% болсо, азыр 8%га жетип, төрт эсеге көбөйдү. Баш кошкон 55 миң түгөйдүн 10 миңинин тагдыры ажырашуу менен аяктап жатат. Бул деген жумуштун жоктугу, оор турмуштун айынан келип чыгууда. 30 миң бала мектепке барбайт. Өкмөт программасын аткарылыш керек. Мына жылдын биринчи чейрегин аяктап жатат, өкмөт эмне иш кылганы тууралуу отчет бериши керек”,-деди депутат Бакиров.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Бир бол” жана “Кыргызстан” фракциялары кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!