Новиков менен Кулматовго сөгүш берилди

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:48

Премьер-министр Сапар Исаков «ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялады.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка ылайык, Экономика министри Артем Новиковго, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыяланган.

Ал эми Экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, өкмөт аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!