КСДПнын жаңы депутаты ант берди

9-Март 2017, Бейшемби

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП партиясынан тизме боюнча депутат болуп келген Канат Керезбеков парламентте ант берди.

Ал мурдагы депутат Тилектеш Исаевдин ордуна келген. Исаев депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырган.

Керезбеков буга чейин кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп иштеген.

КСДПнын тизмеси боюнча Керезбековдон кийинки орунда президенттин мурдагы кеңешчиси, айдоочусу Икрамжан Илмиянов турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!