УКМКнын кызматкерлери баңгизат менен кармалды

9-Март 2017, Бейшемби

Баңгизатын мыйзамсыз айландырууга катыштыгы бар УКМКнын мурдагы жана азыркы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын кызматкерлери ИИМдин укук коргоо органынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында 7-март күнү шектүүлөр колго түшүрүлгөн.

“Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 7,5 кг героин баңгизаты алынган”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!